Тойго
KG RU
Чакыруу түзүү

Купуялык саясаты

Акыркы жолу жаңыланды: 2026-10-11

Эмне сакталат

Чакыруудагы маалымат (аттар, күн, жер, программа, телефон), сиз жүктөгөн сүрөттөр жана коноктордун жооптору (аты, келер-келбеси, адам саны, каалоосу). Катталуу жок, ошондуктан аккаунт, email же сырсөз сакталбайт.

Ким көрөт

Чакырууну шилтемеси бар адамдар гана көрө алат. Коноктордун тизмесин башкаруу шилтемеси бар адам гана көрөт. Чакыруулар Google жана Яндекске көрсөтүлбөйт.

Маалымат кайда сакталат

Маалымат Cloudflare кызматынын коопсуз серверлеринде сакталат. Башкаруу ачкычы ачык түрдө сакталбайт, анын шифрленген издеги гана сакталат.

Өчүрүү

Чакырууну, бардык жоопторду жана сүрөттөрдү башкаруу баракчасынан каалаган убакта биротоло өчүрө аласыз. Конок өз жообун өчүрүүнү кааласа, чакыруунун ээсине кайрылат.

Cookie жана статистика

Сайттын баракчаларында Google Analytics колдонулат: ал канча адам киргенин жана кайсы баракчалар окуларын жалпы түрдө көрсөтөт, бул үчүн cookie колдонот. Конокторго жөнөтүлгөн чакырууларда Google Analytics жок. Браузериңизде ушул түзмөктө түзгөн чакырууларыңыздын тизмеси жана конструктордогу долбоор да сакталат.

Байланыш

Суроолор боюнча WhatsApp аркылуу жазыңыз: +996 702 097 127.