Тойго
KG RU
Чакыруу түзүү
Онлайн чакыруулар · акысыз

Туулган күнгө онлайн чакыруу

Балдардын же чоңдордун туулган күнүнө жеңил жана заманбап чакыруу.

Программаны, дресс-кодду жана дарегин жазып, шилтемени досторуңузга жөнөтүңүз.

Ылайыктуу дизайндар

Кантип иштейт

Үч кадам

  1. Дизайн тандаңыз

    Той түрүнө ылайык шаблонду тандаңыз. Түсү жана оюму ар башка алты дизайн бар.

  2. Маалыматты жазыңыз

    Аттар, күн, жер, программа жана сүрөттөр. Өзгөртүүлөр телефондо дароо көрүнөт.

  3. Шилтемени жөнөтүңүз

    WhatsApp же Telegram аркылуу жөнөтүңүз. Коноктордун жоопторун өзүнчө баракчадан көрөсүз.

Суроолор

Көп берилүүчү суроолор

Чакыруу чын эле акысызбы?

Ооба. Чакыруу түзүү, жөнөтүү жана коноктордун жоопторун көрүү толугу менен акысыз. Сайт ыктыярдуу колдоонун эсебинен иштейт.

Катталуу керекпи?

Жок. Чакырууну түзгөндөн кийин сизге башкаруу шилтемеси берилет. Аны сактап коюңуз: ал аркылуу чакырууну өзгөртүп, коноктордун тизмесин көрөсүз.

Коноктор кантип жооп беришет?

Чакыруунун ылдый жагында форма бар. Конок атын жазып, «Келем» же «Келе албайм» дейт жана канча адам келерин белгилейт. Жооп сиздин тизмеңизге дароо түшөт.

Жөнөткөндөн кийин чакырууну өзгөртсө болобу?

Болот. Башкаруу шилтемесин ачып, «Өзгөртүү» баскычын басыңыз. Конокторго жөнөткөн шилтеме өзгөрбөйт.

Чакырууңузду азыр түзүңүз

Беш мүнөттө даяр болот. Акысыз жана катталбастан.

Чакыруу түзүү
Колдоо

Сайтты колдоо

Тойго бардыгы үчүн акысыз. Эгер сайт сизге жардам берсе, автордун ишин каалаган сумма менен колдой аласыз: MBank, O!Bank же PayPal аркылуу.

MBank жана O!Bank:+996 702 097 127
Алуучу:Актилек К.
MBank QRMBank
O!Bank QRO!Bank
PayPal QRPayPal

QR-кодду банк тиркемеси менен скандаңыз